http://ktrkdev.ktrk.kg/Баардык авариялык абалдагы мектептер оңдоп түзөөдөн өтөт

Баардык авариялык абалдагы мектептер оңдоп түзөөдөн өтөт

13 Июль 2017 , 4:08 6290

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл аягына чейин Кыргызстанда авариялык абалдагы бир да мектеп калбайт. Бул туурасында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө салым кошкондорду сыйлоо аземинде айтты. 

Аймактардагы авариялык абалдагы мектептерди кайра курууга республикалык бюджеттен акча бөлүндү. 

Жалпы жонунан авариялык абалдагы 111 мектеп куруулары күтүлүүдө. 

Алгач өтө кооптуу делген 22 мектеп салынып бүткөн соң, калган  билим уясында курулуштар жүрөт. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"



Новости по дате