http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкекте улгайган адамдар үчүн компьютердик курс ачылды

Бишкекте улгайган адамдар үчүн компьютердик курс ачылды

1 Авг 2017 , 5:12 7545

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


Карылардын компьютердик сабаттуулугун жоюу үчүн Бишкекте атайын компьютердик курс ачылганын Кызыл жарым ай коому билдирди. Маалыматка ылайык, аталган коомдун ыктыярчылары улуу муундагыларга ноутбукта иштегенди, интернетке киргенди үйрөтүшөт. 

"Пенсия курагына келип калган ата-апалардын компьютердик сабаттуулугун жоюу менен биз аларга заманбап жашоого жол ачабыз. Кыргызстандын да кары-картаңдары өздөрүнүн балдары, неберелеринен кем калбай интернет тууралуу түшүнүк алышы керек", — деп жазылат маалыматта.


Новости по дате