http://ktrkdev.ktrk.kg/ЕККУ "Таза Коом" долбоорун колдоого даяр

ЕККУ "Таза Коом" долбоорун колдоого даяр

16 Авг 2017 , 8:31 2691

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президенттик Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы элчи Пьер фон Аркс менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташуунун маселелери, миссиянын кайрадан түзүлүүсүн эске алуу менен Кыргызстандагы ЕККУнун программалык-долбоорлук ишмердүүлүгүн ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. 

Сапар Исаков аталган уюмдун натыйжалуу ишмердүүлүгүн белгилеп, өлкөдөгү олуттуу кайра жаралууну активдүү колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде, Пьер фон Аркс "Таза Коомдун" идеялары ЕККУнун миссиясы менен ишине үндөш экендигин белгиледи. 

Кыргызстанды бул багытта колдоого даяр экендигин билдирип, санарип трансформация программасын ишке ашырууда бирдиктүү иш алып барышарын белгиледи. Мындан сырткары, элчи "Таза Коом" программасы өлкөдө, тыш жакта дагы улуттук лидерликтин ачык үлгүсү экендигин кошумчалады.


Новости по дате