http://ktrkdev.ktrk.kg/Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байгеге ээ болду

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байгеге ээ болду

24 Авг 2017 , 4:08 1593

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова учурда Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байге алды. 

Ал алгач кытайлык балбан Нингнинг Ронг менен чыгып, аны 6:5 эсебинде утуп алды. Тыныбекова 58 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Ал буга чейин германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда нигериялык Аминат Олуваф Аденийи менен таймашып, аны 4:3 эсебинде утуп алган. 

Жарым финалда тунистик Марва Амри аттуу балбан кызга 7:8 эсебинде бир упайга утулуп калган.



Новости по дате