http://ktrkdev.ktrk.kg/“Түркмөнстандын дары чөптөрү” аттуу илимий китеп жарык көрдү

“Түркмөнстандын дары чөптөрү” аттуу илимий китеп жарык көрдү

6 Сент 2017 , 4:18 13196

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Саламаттыкты сактоо жана медициналык жардам министрлигинде Гурбангулы Бердымухамедовдун “Түркмөнстандын дары чөптөрү” аттуу илимий китебинин бет ачары болду. 

Басылмада түркмөн флорасынын 109 түрүнүн дарылык каситети тууралуу жазылган. Биринчи томунда өсүмдүктөрдүн ареалы, сырткы көрүнүшү, биологиялык өзөчөлүктөрү, химиялык курамы жана колдонуу ыкмалары баяндалган. Ал эми калган бөлүмдөрүндө алардын дарылык касиети, пайдалануу боюнча сунуштамалар камтылган. Булардан тышкары китепте өсүмдүктөрдүн аталышы боюнча орусча-латынча-түркмөнчө сөздүк, аларды жыйноо мезгили, сактоо мөөнөтү боюнча маалыматтар берилген. 

2016-жылдан бери мамлекет башчынын макал-лакаптар, ахалтекин жылкысы тууралуу жазылган беш китеби жарык көрдү. Ошондой эле бул басылмалар бир нече тилдерге которулган.


Новости по дате