http://ktrkdev.ktrk.kg/Өкмөт  2018-жылы  санарипке  өтөт

Өкмөт 2018-жылы санарипке өтөт

14 Сент 2017 , 4:05 3723

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2018-жылы Өкмөт санариптик болот. Муну менен паспорт алуу сындуу маселелер тез чечилет. Ушул жана башка маселелерди Премьер-министр Сапар Исаков Эдвард Жемайель башында турган Эл аралык Валюта Фондунун миссиясын кабыл алган учурда пикир алышты. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн милдети – калктын экономикалык бакубаттуулугу, социалдык жетишкендиги, коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү түзүү сыяктуу үч багыттан турган «Жаңы доорго кырк кадам» программасын эффективдүү ишке ашыруу болуп жатат. Аны менен катар санариптик трансформация жана ачык мамлекет түзүүдө «Таза Коом» жогорку технологиялык долбоорду ишке ашыруу планы да бар.

«Программа дымактуу бирок реалдуу. Этабы менен киргизилген механизмдер, ошондой эле жалпы биздин жарандардын жашоосун жакшыртуу пландары ишке ашырылат. Биз санариптештирүү жана чечкиндүү тобокелдиктерди азайтуу аркылуу мамлекеттик чыгымдарды мүмкүн болушунча азайтууну пландап жатабыз. Ушундай жол менен биз бюджеттеги кемчиликтерди өзгөртө алабыз. 2018-жылы биздин Өкмөт санариптик болот», — деди өз сөзүндө Өкмөт башчы. 

Эдвард Жемайель жакында эле «Кумтөр» кениндеги экологиялык абалды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Centerra Gold Inc. Компаниясынын ортосундагы Стратегиялык Макулдашууну бизнес коомчулугу өзгөчө шыктануу менен кабыл алгандыгын билдирди. «Бизнестеги климатты жакшыртуу Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири. Макулдашууга кол коюлгандан баштап «Centerra Gold Inc» компаниясынын акциясы 22% өсүп, аны менен Кыргыз Республикасынын пакетинин баалуулугу да жогорулады. Биз бул маалыматты рыноктогу жакшы белги катары кабыл алдык», — деди Сапар Исаков. Ал Өкмөткө жогору баа берип, колдогондугу үчүн делегацияга ыраазычылыгын билдирди.



Новости по дате