http://ktrkdev.ktrk.kg/"Акылдуу мектеп" программасы ишке  киргизилет

"Акылдуу мектеп" программасы ишке киргизилет

10 Март 2016 , 12:14 1389

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Билим берүү министрлиги балдардын сапаттуу билим алуусуна көмөк боло турган “Акылдуу мектеп” программасынын концепциясын премьер-министрге сунуштады. Бул тууралуу министр Эльвира Сариева бүгүн маалымат жыйында билдирди. 

Программа маалыматтык-санариптик технологияларды колдонуу менен балдардын билим деңгээлин көтөрүүгө, мугалимдерге заманбап каражаттар аркылуу балдарды окутууга мүмкүнчүлүк түзүү жана өлкө аймагы боюнча мектептерди компьютер, интернет менен камсыз кылууга багытталган. 

"Азыр интернет провайлерлер менен суйолошуп жатабыз. интернет сапатуу болушу керек. 500 даана комрьтер мектептерге беребиз" - деп билдирди Эльвира Сариева. 

Ошондой эле, концепцияда мектептердеги ички процесстерди автоматташтыруу жана окуу жайлар менен билим берүү министрлигини ортосунда кызматташууну арттыруу багыты камтылган. Эльвира Сариева “Акылдуу мектеп” программасынын алкагында быйыл Кыргызстанда миңден ашык мектепти интернетке туташтыруу каралганын, анын каражат маселеси Жогорку Кеңеште талкууланып чечилгенин билдирди.



Новости по дате