http://ktrkdev.ktrk.kg/Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи институт болуп өзгөрдү

Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи институт болуп өзгөрдү

7 Дек 2017 , 10:08 17806

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи авиациялык институт болуп кайра түзүлдү. Тиешелүү токтомго Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. 

Чечим өлкө аймагындагы авиациялык ишканалардын жогорку авиациялык билими бар адистерге муктаждыктарын эске алуу менен кабыл алынган.Буга байланыштуу мурдагы инфрактруктуранын базасында авиация облусу боюнча жогорку жана орто кесиптик адистерди даярдаган заманбап ЖОЖ түзүлөт. 

Негизги басым адистерди даярдоого багытталып, кийин жакынкы жана алыскы өлкөлөр үчүн да даярдай баштайт. Долбоор ишке ашса бүтүндөй ата мекендик жарандык авиациянын өнүгүшүнө жакшы шарт түзөт.



Новости по дате