http://ktrkdev.ktrk.kg/Өлкөдө жол коопсуздугун күчөтүү максатында жаңы система киргизилүүдө

Өлкөдө жол коопсуздугун күчөтүү максатында жаңы система киргизилүүдө

14 Дек 2017 , 10:36 21499

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул жолку жыйынга комиссия мүчөлөрү жол кырсыктарын төмөндөтүү боюнча натыйжа бере турган так багыттар менен келишти. Бул максатта тиешелүү министрлик жана мекемелер жол коопсуздугун камсыздоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыккан. Ага ылайык инспекторлор айдоочулар менен эми жаңыча системада иш алып барат. Бул өз кезегинде жол эрежелерин бузгандар менен кырсыктарды азайтат. Жакынкы келечекте ишке аша турган бул электрондук ыкманын артыкчылыктары комиссиянын жыйынында тааныштырылды.

Мындан кийин эскиче, унаанын үстүнө коюп алып, протокол толтуруу деген болбойт. Жол коопсуздугун камсыздаган башкармалыктын кызматкерлеринин унаасы керектүү жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылат. Тактап айтканда планшет, протоколду жана чекти басып чыгарууга принтер, POS-терминалы менен болот. Өкмөт башчы жол коопсуздугун камсыздаган башкармалыктын ар бир инспектору планшет кубаттандыргычы менен камсыз болоорун билдирди.

Бул ыкма башкысы коррупцияны жоёт. Кийинки жаңы кадамдын бири жол эрежесин бузган айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт же кайра сынак тапшырат. Антпесе жыл башынан бери катталган жол кырсыктарынын саны арбыды. Ички иштер министри соңку 11 айда өлкөдө алты миңге чукул жол кырсыгы катталып, анын алты жүздөн ашыгы адам өлүмү менен коштолгонун билдирди.

Премьер-министр экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына унаа жана жол министрлигине каршы кылмыш ишин козгоо боюнча тапшырма бергенин билдирди. Исаковдун айтымында министрлик оор жүк ташуучу унаалар үчүн салмак габариттик көзөмөл бекеттерин электрондукка өткөрдүк дегени менен иш жүзүндө андай эмес-деди.

Сапар Исаков жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкердин аракеттери туура болсо дагы айдоочулар тарабынан аны шылдың кылган видео интернетке жарыялаганын айтып, инспекторлордун кадырына шек келтирген учурларды мындан кийин алдын-алуу зарылдыгын белгиледи. Исаковдун айтуусунда мыйзам бузган жана ишин мыкты билбеген инспекторлор деле бар. Бирок карапайым жарандар да укук коргоо органдарынын кызматкерлери да өз милдеттери менен укуктарын так билип, жоопкерчиликтүүболушу керек деди.






Новости по дате