http://ktrkdev.ktrk.kg/Мамлекеттик мүлктөр санариптештирилди

Мамлекеттик мүлктөр санариптештирилди

19 Дек 2017 , 17:26 2525

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик мүлктөр санариптештирилди. Мындай тутум мүлктөрдү туура баалоого мүмкүнчүлүк түзөт.  Жаңы иштелип чыккан системанын мүлктөрдү оптималдаштырууга жардамы тиет. Эске салсак, мамлекетке таандык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган аракеттер президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган учурда башталган.

Мамлекетке таандык мүлктөрдүн бааларына байланыштуу талаштар жаралып келген. Каттоо кызматы менен Юстиция министрлигинен алынган маалыматтар ар башка. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду иштелип чыккан жаңы тутум көйгөйгө чекит коёрун билдирүүдө.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалыматына таянсак, жүзгө жакын ишкана киреше бергендин ордуна өкмөттөн каржыланып, чыгым келтирүүдө. Бири-бирин кайталаган жана бир катар мекемелерге таандык окшош ишканалар бар. Каттоонун алкагында реестрге 65 мамлекеттик органдар жана алардын 1862 түзүмдүк бөлүнүштөрү киргизилген.


Новости по дате