http://ktrkdev.ktrk.kg/“Таза Коомдун” алкагында жыл аягына чейин дагы бир нече долбоорлор ишке ашырылат

“Таза Коомдун” алкагында жыл аягына чейин дагы бир нече долбоорлор ишке ашырылат

20 Дек 2017 , 2:51 6916

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл аягына чейин жана 2018-жылы да "Таза Коом" жалпы улуттук санариптик өзгөрүү программасында бекитилген дагы бир катар долбоорлор жүзөгө ашырылат. Бул өз кезегинде мамлекеттик органдардын ишиндеги ачыктыкты жана натыйжалуулукту камсыздайт жана мамлекеттик кызматтардын электрондук системага өтүшү жарандардын жашоосун кыйла жеңилдетет. 

Жакынкы мезгилде ишке аша турган долбоорлор жана "Таза Коом" долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча кеңештин жыйынында талкууланды. 

“Таза Коомго” камтылган ири долбоорлор баскыч-баскыч менен жүзөгө ашырылганы турат. Азырынча анча чоң каражатты талап кылбаган алардын айрымдары четинен иштей баштады. Анын бири жарандарга 19 кызматты электрондук түрдө сунуштаган “мамлекеттик портал” сыноо иретинде иштеп жатат. Бул паспорт, туулгандыгы тууралуу, нике күбөлүгүн жана башка документтерди алуу кызматтары. 

Эки айдан бери жүздөн ашык жаран онлайн тейлөөгө кайрылган. Эми өкмөт башчынын тапшырмасы менен жарандарга мобилдик телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө болот. Аны менен кошо кызматтардын тизмесин кеңейтүү жагы да каралууда.



Новости по дате