http://ktrkdev.ktrk.kg/Россия Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөтүүдө

Россия Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөтүүдө

22 Дек 2017 , 10:35 22509

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте кайтарымсыз жардам көрсөтүүнүн алкагында өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнө россиялык аскердик продукция тапшырылды. Бул тууралуу Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди. 

Маалым болгондой, артиллериялык куралдарга топографиялык мүлк жана тетик бөлүктөрү алынып келген. Тапшырылган жабдуулардын баасы көрсөтүлгөн эмес. Россия Кыргызстанга республиканын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик даярдыгын чыңдоого багытталган аскердик-техникалык жардам көрсөтүүдө. 

РФ тарабынан аскердик-техникалык жардамдын көрсөтүлүшү узак мөөнөттүү келечекке ээ жана өлкөдө ишенимдүү коргоо потенциалын түзүүгө шарт түзөт. Жардам Кыргызстанга 1 млн АКШ доллары көлөмүндө аскердик-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашуунун алкагында көрсөтүлүүдө.


Новости по дате