http://ktrkdev.ktrk.kg/Сариев: "Быйыл 1000 мектеп интернетке кошулат"

Сариев: "Быйыл 1000 мектеп интернетке кошулат"

15 Март 2016 , 7:12 1851

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Биринчи радионун” “Күндүн темасы” уктуруусунда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариев эл менен түз эфирде жолугушуп, билим берүү тармагындагы олуттуу маселелер туурасында маек курду.

Уктуруунун жүрүшүндө премьер-министр Темир Сариев, быйыл “Акылдуу мектеп” программасы алкагында 1 миң мектеп интернетке кошуларын айтты.

Премьер-министрдин айтымында, учурда замандын чакырыгы барган сайын күчөп, талаптар кеңейүүдө, ага жараша, Кыргызстанда билим берүү сапатын жогорулатуу, билим берүү мекемелерин тийиштүү шарттар менен камсыздоо маселесине басым жасалууда.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү мыкты билим  алуу менен катар жок дегенде бир кесиптин ээси болуп чыгуусу керек. Билим сапаты заман талабына шайкеш жүргүзүлүп,   алдыңкы дүйнөлүк  атаандаштыкка туура келүүсү   абзел. Бул жаатта “Акылдуу мектеп” программасы иштелип чыгып, быйыл  аны  ишке ашыруу алдында турабыз. Мында “акылдуу электрондук окуучу”, же бардык  шарт менен камсыз  болгон окуучу, электрондук мугалим, электрондук китеп,  инфраструктурасы бүгүнкү шартка  жооп берген мектеп болуусу шарт. Бүгүнкү күндүн  талабы ушундай, учурда  аталган талаптарга толук жооп берүү   максатындагы аракеттерибиз башталды. 

Өкмөт башчы билдиргендей, жакында Нарын шаарында аталган программанын бет ачары орун алып, анан жүрүшүндө иликтөөлөрдүн натыйжалары сунушталды. Ага ылайык, окуучу өзүнүн убактысын эмнеге кетирет деген суроого – 12% окууга, 30% китеп издөөгө, 30% китептерди барактаганга, андан соң, көчүрүүгө кетирээри аныкталган.

Эгер  электрондук билим берүүгө өтсөк, ар бир окуучуну планшет менен камсыздасак, алар 60% убактысын үнөмдөп калышат. Ушул  багытта электрондук  жетишкендиктерди билим жаатында колдонууга бюджеттен атайы  каражаттар каралган. Быйыл  1 миң   мектепти Интернетке кошолу деп жатабыз, ансыз мүмкүн   эмес, калган мектептер келерки жылы толугу менен кошулат. Кыргызстан   боюнча мектептердин 85% оптика-волокнолук байланыш аркылуу, ал эми калган  15% аба аркылуу Интернетке туташтарлмакчы. 

Маек соңунда Темир Сариев тарбияны мектеп гана эмес, үйдөгү ата-эне да берерин унутпоо керектигин, бул жаатта биргелешип, тыгыз иш алып барууга басым жасоо зарылдыгын белгилеп өттү. Ошол эле учурда мугалимдердин сапатын жогорулатуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу маселесине да өзгөчө басым жасаларын эскертти.

Кошумчалай кетсек, “Биринчи Радионун”“Күндүн темасы” программасы ар жуманын шейшемби күнү (09:00-10:00) Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир Сариевдин катышуусунда өтөт. Теманын алкагында сурооңуз болсо, эмки шейшембидеги түз эфирде (0312) 39-21-90, 65-66-04 номурларын терип премьер-министрге узатсаңыз болот.

Таалайгүл  Чабдарова, БИРИНЧИ РАДИО 

Новости по дате