http://ktrkdev.ktrk.kg/Айыл өкмөтү менен айыл тургундарынын ортосундагы байланышты вотсап тиркемеси жакшырта алабы?

Айыл өкмөтү менен айыл тургундарынын ортосундагы байланышты вотсап тиркемеси жакшырта алабы?

21 Янв 2018 , 16:11 7418

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылында айыл өкмөтү менен айыл тургундары ортосундагы байланышты, маалымат алмашууну жакшыртуу максатында вотсап системасы киргизилип жакшы жыйынтык берүүдө. 

Учурда вотсап аркылуу маалымат алмашуу тутумуна бул айылдагы 250гө жакын адам кирип, жергиликтүү бийлик менен болгон байланыш бир топко жакшырганын белгилеп жатышат. Мурда мындай система жоктугунан улам айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүнө көп сын айтылчу. Кандайдыр бир чогулуш, жыйын өткөргөн учурда дагы элге кабар айтуу жагынан көп эмгекти, убакытты талап кылчу. 

Азыр болсо айыл өкмөттө отургандар элге кандайдыр бир маалыматты жеткириш керек болсо вотсап байланышы аркылуу саналуу минуталарда эле бардыгына маалымат таркатып, керек учурда талап кылган документтерди дагы ушул байланыш аркылуу кабыл ала алышат. 

Элге ыңгайлуу болгон мындай системаны ЮСАИД уюмунун "Ийгиликтүү аймак" долбоору ишке ашырууда. Мындай практика жакын арада жергиликтүү бийликтер менен иштеген мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен өлкөнүн башка аймактарына дагы таркаганы жатат.



Новости по дате