http://ktrkdev.ktrk.kg/Электрондук капчык пайдабы же зыянбы?

Электрондук капчык пайдабы же зыянбы?

24 Янв 2018 , 9:53 8321

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук банк сунуштап жаткан электрондук акчалар жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүчү документтин долбоору коомдук талкууда. Жобо өзгөртүлсө жарандардын тандоо мүмкүнчүлүгү чектелет деген пикирин Кыргызстандагы байланыш операторлор ассоциациясы айтып чыкты. 

Кыргызстандагы байланыш операторлору төлөмдөрдү электрондук капчыктын жардамы аркылуу мобилдик телефон аркылуу төлөө системасын киргизген. Бүгүнкү күндө бул кызматтан өлкөдөгү 100 миңден ашык жаран пайдаланууда. Улуттук банк электрондук акчалар жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизсе жарандардын буга чейин оой клдонуп келген төлөм системасына чекит коюлат деп байланыш операторлор биримдиги тынчсыздануусун билдиришти.

Улуттук банк “Электрондук акчалар жөнүндө жобону бекитүү” тууралуу документтин долбоорун коомчулуктун талкуусуна койгон. Анда электрондук капчыктын пайдалануучуларына капчыгын мобилдик телефондун балансынан толуктоого тыюу салуу каралууда. Улуттук банк маселени жарандардын коопсуздугу үчүн карап жатканын айтууда.

Жарандык коомдун өкүлү Татту Мамбеталиева жарандардын мобилдик телефондон акы төлөө системасын колдонууга бөгөт коюу базар экономикасында атаандаштыкты чектейт деген оюн билдирди.

Документ учурда коомдук талкууда. Коомчулуктун сунуштары 12-февралга чейин кабыл алынат. Андан кийин гана таразадан өткөн туура чечим кабыл алынаарын Улуттук банк билдирди.


Новости по дате