http://ktrkdev.ktrk.kg/Өзбек чек арачылары тарабынан кармалган кыргыз жараны Кыргызстанга өткөрүлдү

Өзбек чек арачылары тарабынан кармалган кыргыз жараны Кыргызстанга өткөрүлдү

1 Фев , 11:15 21174

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кармалган кыргыз жараны Кыргызстанга өткөрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка караганда, анын абалы канааттандырарлык. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун тургуну Асан Үсөнбаевди кыргыз тарап 31-январда Кара-Суу районундагы “Достук” бекетинен өткөрүп алышты. 

Эске салсак, Үсөнбаев 27-январда Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде кой жайып жүрүп, коңшу өлкөнүн аймагына өтүп кеткен. Чек арачылардын эскертүүсүнө карабай качып баратканда ок жаңылып, жарадар болгону, андан кийин Өзбекстандын Чуст районундагы ооруканага жаткырылганы кабарланган.


Новости по дате