http://ktrkdev.ktrk.kg/КТРК СПОРТ каналы Кышкы Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтөт

КТРК СПОРТ каналы Кышкы Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтөт

9 Фев 2018 , 8:42 5401

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түштүк Кореянын Пхенчхан олимпиадалык айылында Кыргызстандын желегин көтөрүү аземи өттү. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, салтанаттуу иш-чарага Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Эскерте кетсек, Пхенчхандагы кышкы олимпиадага тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана лыжачы Тариэл Жаркымбаев катышат. Кыргыз спортчулары 13-февралда мелдешке чыгаары айтылууда.

Ал эми КТРК СПОРТ каналы Кышкы Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтөт.

Новости по дате