http://ktrkdev.ktrk.kg/Өлкөдө мектеп окуучуларын табият кырсыктарына туура реакция жасоого даярдоо жүрүүдө

Өлкөдө мектеп окуучуларын табият кырсыктарына туура реакция жасоого даярдоо жүрүүдө

10 Фев , 2:32 23457

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаш куткаруучулар чукул кырдаалдарга карата ыкчам аракет жасоо ыкмаларын үйрөнүштү. Бишкек шаарындагы №5 мектептин тандалып алынган окуучулары атайын окуудан өтүшүп, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп беришти.

Бириккен Улуттар уюмунун балдар менен иштөө программасынын изилдөөсүндө, билим берүү мекемелеринин 85%ында коопсуздук деңгээли төмөн. Бул Кыргызстандагы миллиондон ашык бала табият кырсыктарынын тобокелдиги алдында билим алып жатат дегенди түшүндүрөт. 

Чукул кырдаалдар шарттарында жана ага чейинки кырсыктын коркунучун азайтуу максатында өлкөдөгү 10 ресурстук мектептин базасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу ыкмаларын моделдештирүү долбоору 2017-жылдын декабрында башталган. Долбоорду жапон өкмөтү каржылап, билим берүү министрлиги, эл аралык уюмдар менен биргелешип ишке ашырууда.

Ушундай окутуу иш-чаралары Кыргызстандын дагы тогуз мектебинде жүрүп жатат. Тандап алынган мектептер алган билимдерин республикадагы башка мектеп окуучуларына үйрөтүшөт.


Новости по дате