http://ktrkdev.ktrk.kg/Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

1 Март 2018 , 5:43 7718

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады. 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына маалымат берүүлөрү керек.

Эскерте кетсек, 28-февралда юридикалык жактар үчүн декларациялык кампаниянын биринчи этабы аяктадган. Анын жыйынтыгында алдын ала маалымат боюнча 70 миңден ашык юридикалык жактар бирдиктүү салык декларациясын тапшырышты.

Новости по дате