http://ktrkdev.ktrk.kg/Алдыңкы окуучулар Премьер-министрдин колунан диплом алышты

Алдыңкы окуучулар Премьер-министрдин колунан диплом алышты

26 Март 2018 , 17:03 14262

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине мыктынын мыктысына татыган алдыңкы окуучулар гана келип отурат. Олимпиадага жалпы 2237 окуучу катышкан болсо төртүнчү турга алардын 318 жеткен. 

Ал эми бардык даражадагы баскычтан ийгиликтүү өтүп, биринчи, экинчи жана үчүнчү орунга татыктуу болгону 53 окуучу. Алар Премьер-министр Сапар Исаковдун колунан диплом жана тастыктамаларды алды.

Өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, күчү менен ички дараметине ишенген маалда гана адам кыйынчылыкты жеңип, ийгиликти багындырарын айткан өкмөт башчы окуучуларга кең келечек каалап, аларды билимге сугарган мугалимдерине ыраазычылык билдирди. 

Эгер буга чейин республикалык олимпиаданын тапшырмалары Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган болсо, быйылкы жылы өткөрүлгөн олимпиаданын өзгөчөлүгү - жол-жобосуна өзгөртүүлөр киргизилгендигинде. Тапшырмаларды түзүү, окуучулардын иштерин текшерүү көз карандысыз баалоочу мекеме тарабынан жүргүзүлгөн.





Новости по дате