http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстанда 21-апрелден тарта китеп жумалыгы башталат

Кыргызстанда 21-апрелден тарта китеп жумалыгы башталат

19 Апр 2018 , 15:19 6268

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 21-апрелден тарта китеп жумалыгы башталат. "Келгиле, окуйбуз" ураанынын алдында ата-энелерге балдарын китеп окууга үйрөтүү менен жаш жеткинчектердин жан дүйнөсүн руханий байлыкка толтуруу чакырыгы ташталууда. Интернет, социалдык түйүндөрдүн күчү жылдан жылга кулач жайып, кеңири колдонулуп турган чакта китеп окуунун салмагы канчалык? 


Аяна 7-класстын окуучусу. Анын курдаштары уюлдук телефонго үнүлүп, азгырылып турган чакта, ал китеп менен достошкон. Ата-энесине китеп сатып берүүсүн өтүнүп, дүйнөлүк жана орус классиктеринин чыгармаларына басым жасайт. Күнүнө жок дегенде жарым саттан ашык убактысын китеп окуганга жумшайт.



Азыркы кезде Аянадай китеп окугандардын саны көп деп айтуу кыйын. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстан учурда китеп окуу рейтинги боюнча 112 мамлекеттин ичинен 97-орунда турат экен. Ал эми жергиликтүү сурамжылоолордун байкоо салышы боюнча, кыргызстандыктар жылына он жети бет китеп окуйт. Мындай көрсөткүчтөр албетте адистердин купулуна толбойт. Ошондуктан “Келгиле, окуйбуз” долбоору иштелип чыгып, акыркы жылдары Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашып келет.


Мугалимдердин айтымында, ар бир баланы китеп окутууга жаштайынан үйрөтүү зарыл. Ошондуктан ата-эне баласына телефон карматкандын ордуна китепти карматышы керек. Антпесе эртен сабатсыз муун өсүп, ой-туюму, руханий дүйнөсү жарды инсан жетилет. Демек күнүнө жок дегенде ата-эне жарым саат баласы менен чогуу китеп окуганга убакыт бөлүшү керек.


Новости по дате