http://ktrkdev.ktrk.kg/Адил Тойгонбаев Дубайда кармалды

Адил Тойгонбаев Дубайда кармалды

23 Март 2016 , 11:46 2801

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эл аралык издөөдө жүргөн, мурдагы президент Аскар Акаевдин күйө баласы Адил Тойгонбаев Дубайда кармалды. 

Тойгонбаевге Кыргызстанда алдамчылык, уурдоо, салык төлөөдөн баш тартуу беренелери боюнча айып тагылып, ага 2005-жылдын 24-мартынан кийин издөө жарыяланган. 

Ал Акаевдин бийлиги учурунда анын үй-бүлөсү менен бирге Кыргызстандагы кирешелүү делген ири ишканаларды көмүскө башкарып, өлкөдөгү медиа-чөйрөнү көзөмөлдөп турган.

Мына ушундай эле көрүнүш 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Бакиев бийлигинин тушунда да уланды. 20 жылдык үй-бүлөлүк башкарууга кыргыз эли кантип чекит койду? 

Өткөн эки ыңкылапка серепчилердин баасы тууралуу Самат Асиповдун материалында:


Новости по дате