http://ktrkdev.ktrk.kg/Премьер-министр Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат

Премьер-министр Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат

7 Май 2018 , 4:12 3079

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусуна сапарынын алкагында өкмөт башчы «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышат, ошондой эле Жалал-Абад шаардык №6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ош облусунда Мухаммедкалый Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Мындан тышкары, премьер-министр Араван-Сай дарыясына салынган жаңы көпүрөнүн ачылышына катышып, андан соң 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин абалынан кабар алат.

Новости по дате