http://ktrkdev.ktrk.kg/Бельгияда 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды

Бельгияда 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды

24 Март 2016 , 7:39 1480

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Брюсселде 22-мартта болгон терактарда курман болгондорго байланыштуу 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды. Европа шаарларынын жашоочулары жардырууларда каза болгондорду эскерип акция өткөрдү. 

Германияда мамлекеттик туу түшүрүлдү, Франциянын желегине кара тасма тагылды, Мадрид бийлиги дагы 3 күндүк аза күтүү жарыялады. Европанын айрым мамлекеттери Брюсселдеги жардырууда каза болгондорду кайгыруу менен эскерип, желектерин түшүрдү. 

Ошондой эле, Бельгия элине колдоо катары Париждеги Эйфель мунарасындагы жарык Бельгия желегинин түсүндө жанды.



Новости по дате