http://ktrkdev.ktrk.kg/Президент Сооронбай Жээнбеков ЕККУнун башкы катчысын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕККУнун башкы катчысын кабыл алды

22 Май 2018 , 16:37 2501

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы анын өлкөгө болгон сапары ЕККУ тарабынан Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана өнүгүүнүн саясий багытын колдоорун көрсөтүп турганын белгиледи. 

Эл аралык уюмдардын, анын ичинен ЕККУнун Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүүгө салымы чоң болгон деп билдирди президент. 

Ошондой эле 2018-жыл өлкөдө аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып, анын алкагында айыл жеринде жашоо шартты жакшыртуу, аймактардын экспорттук дараметин жогорулатуу жана миграцияны кыскартуу максатында жумушчу орундарды түзүү иштрине өзгөчө көңүл бөлүнүп жатканы белгиленди. 

Сооронбай Жээнбеков Томас Гремингерди ЕККУнун Кыргызстандагы иш алып барып жатканын 20 жылдыгы менен куттуктап, мындан ары тыгыз кызматташтык болоруна ишенимин билдирди. Өз кезегинде ЕККУнын баш катчысы Сооронбай Жээнбековду президент болуп шайланышы менен куттуктап, Кыргызстанда демократиялык институттардын өнүгүп жатканын, анын ичинен адам укуктарын коргоо жаатындагы оң жагдайларды өзгөчө белгиледи.




Новости по дате