http://ktrkdev.ktrk.kg/Адистер "Аламүдүн" базарынын  тилсиз жоого каршы камсыздалышын текшеришти

Адистер "Аламүдүн" базарынын тилсиз жоого каршы камсыздалышын текшеришти

26 Май , 1:42 7071

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл башынан бери бир нече базарда, анын катарында Ош базарында үч жолу өрт чыгып, коопсуздук эрежелеринин сакталышын сынады.  

Мындан улам тиешелүү органдар соода-сатык жайлардын тилсиз жоого каршы камсыздалышын текшерүүнү күчөттү. Бул ирет адистер "Аламүдүн" базарын кыдырып чыкты.

Соода борбор алгач эле жетишкендиктерин көрсөтө баштады. Чынында эле "Аламүдүн" базарында өзүнүн өрт өчүрүүчү унаасы менен кошо тилсиз жоону токтотууга даяр турган кызматкерлер бар экен. Андан тышкары беш жерде суу түтүктөрүнөн тарттырып алуучу жабдык, базар ичине кирүүчү суу куурлар тартылып, чоң унаага ылайыкталган өтмөктөр каралган.

Ага карабай адистер бир катар кемчиликтерди көрүп, аларды жөнгө салуу керектигин эскертти. Башка одоно эреже бузуулар табылган жок. Анткени жыл башында текшерүү жүрүп, бир топ кемчиликтер аныкталып, аларды жоюуга милдеттендирилген, атүгүл 50 миң сом айып салынган.


Новости по дате