http://ktrkdev.ktrk.kg/Футбол: бүгүн Азербайжан-Кыргызстан курамалары беттешет

Футбол: бүгүн Азербайжан-Кыргызстан курамалары беттешет

29 Май 2018 , 5:04 3678

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан менен Азербайжан курама командалары беттешет. Оюн Баку шаарындагы Олимпиадалык стадиондо өтүп, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат. Беттеш КТРКнын Спорт каналынан түз алып көрсөтүлөт. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы буга чейин Мьянма жана Индия командаларын жеңип, биринчи жолу Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Чемпионат 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтөт.


Новости по дате