http://ktrkdev.ktrk.kg/Бүгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн күнү

Бүгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн күнү

29 Май , 13:43 7359

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн түптөлгөнүнө 26 жыл болду. 1992-жылдын 13-январында ошол кездеги өлкө башчысынын жарлыгы менен коргонуу боюнча мамлекеттик комитет түзүлүп, аны генерал-майор Жаныбек Үмөталиев жетектеген. Ал эми 29-майда башка бир жарлык менен Кыргызстандын аймагындагы мурдагы советтер союзунун аскер бөлүктөрүн өлкө расмий түрдө өз карамагына алган. 

Бул күн ошондон улам эгемен өлкөнүн куралдуу күчтөрүн түптөөнүн башаты болуп калган. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы - куралдуу күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоо, өнүктүрүү, мобилдүү жайылтуу жана колдонууну тикелей жетектейт. Аймактык коргонууну уюштурат. Мамлекеттин аймагын коргоо кызыкчылыгында оперативдик жабдуунун планын иштеп чыгат жана аткарылышын көзөмөлдөйт.



Новости по дате