http://ktrkdev.ktrk.kg/Селдин кесепеттерин жоюу

Селдин кесепеттерин жоюу

11 Июнь 2018 , 16:17 812

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нөшөрлөп жааган жамгырджын кесепетинен Лейлек районунда жүргөн сел Катраң, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарынын айрым тилкелерин зыянга учуратты. Оор кырдаал Катраң жана Лейлек айыл аймактарында катталып, селден 15 турак жай, бир бала бакча жана 6 чарбалык көпүрө жараксыз абалга кептелген. 

Ошондой эле, 21 ири мүйүздүү бодо мал жабыркаган. Ал эми ички жолдор кум, шагылга толгон. Мындан улам, район аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда селдин кесепеттерин жоюуга жетиштүү техникалар тартылып, жумушчу күч да жеринде тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул конушка 1994-жылы жер тилкелери берилгенден тарта чоң көлөмдөгү сел жүрбөптүр. Эми минтип күтүүсүздөн келген кырсыктан улам, кооптуу аймакка айланды. Мындагы үйлөр дээрлик камсыздандырылбагандыктан, жалгыз арга -аларды коопсуз аймакка көчүрүп чыгаруу. Ал үчүн жер маселесин чечүү керек. Ал эми сел коркунучунан улам көчүрүлүүгө дуушар болгон 18 үй Катраң айыл өкмөтүнө, дагы 7өө Лейлек айыл өкмөтүнө тиешелүү.

Ал эми Катраң айылындагы селден жараксыз абалга келген жети үйгө ӨКМ эң кооптуу деген кортунду чыгарды. Жабыркагандарды убактылуу чатырларга жайгаштырып, азык-түлүк жана керектүү буюмдар менен камсыздалууда. 


Катраң жана Лейлек айыл аймактарында жүргөн сел кесепетинен жалпы 12 турак жай, бир бала бакча жана үч көпүрө жарактан чыккан. Жеринде ӨКМ тарабынан жетиштүү техника жана аскерлер тартылып, тазалоо иши колго алынды. Ал эми келтирилген чыгымдарды эсептөөдө атайын комиссия түзүлүп, тактоо ишин улантууда. 



Новости по дате