http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Багы ачылбаган бала бакча...

Элдик репортер: Багы ачылбаган бала бакча...

13 Июнь 2018 , 10:11 472

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл өткөн сайын бала бакча тартыштыгы күч алып, айрым жеке тарапка өтүп кеткендер кайра мамлекеттин карамагына кайтарылууда. Мындан тышкары жаңы бала бакчалар дагы курулууда. Бирок бала бакчага болгон зарылдык дагы деле көп. 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылындагы бала бакчанын курулушу 2010-жылы башталып, чатыры жабылган бойдон калып калган. Бизге маалымат жөнөткөн тургундардын маалыматында ошондон бери жыл сайын тиешелүү мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Кат менен деле өкмөткө жыл сайын кайрылабыз. Бирок ушул биздин бала бакчага келгенде эле бюджеттен акча артпай калат экен. Улам кийинки жылга жылды деген гана куру үмүт менен келе жатабыз. Бирок бул бала бакчанын бир күнү багы ачылып калат деген үмүтүбүз өчпөйт. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате