http://ktrkdev.ktrk.kg/Балташ Кайыповдун басып өткөн бараандуу изи

Балташ Кайыповдун басып өткөн бараандуу изи

19 Июнь , 9:17 1907

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телекөрсөтүүсүнө 60 жыл! Бул датага карата мындан ары кыргыз телекөрсөтүүсүнө бараандуу салым кошкон чыгармачыл инсандар туурасында уктуруулар серияларын эфир толкунуна сунуш этүүнү туура көргөнбүз. Бүгүнкү каарманыбыз улуттук телекөрсөтүүнү түптөгөн көп кырдуу талант Балташ Кайыпов. Аны кыргыз калкы актер, телережиссер, кинорежиссер катары жакшы билет. Кыргызтелефильм жанрында “Алымкан” тарыхый лирикалык драманы тарткан кинорежиссер.

Балташ Кайыпов 1936-жылы 10-мартта Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Көктоңду деген айылында туулган. Жаштайынан жетим калып, турмуштун оор кездерин баштан кечирген. Ал 1957-жылы Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтун бүтүрүп, алгач Кыргыз драмалык театрынан эмгек жолун актер болуп баштаган. 

1958-жылы жаңыдан уюушулган Кыргыз телекөрсөтүүсүнө таланттуу жаштарды тандап кабыл алуу болгон учурда Балташ Кайыповду дароо эле ишке алышкан.1958-жылы телевидение жаңы ачылганда эфирдик пультту ачкан алгачкы режиссер болгон.

1958-жылы Кыргыз телекөрсөтүүсүнө режиссер болуп келип, 1961-жылдан 1967-жылга чейин башкы режиссерлук кызматка көтөрүлгөн. 1967-1972-жылдары кино топтун режиссеру болгон. 1972-жылдан студиянын көркөм жетекчиси, башкы режиссеру, режиссер коюучу болуп иштеген. Балташ Кайыпов 1965-жылы Френзедеги телестудияда тарыхый лирикалык “Алымкан”көркөм телефильмди тарткан. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио" 

                                 


Новости по дате