http://ktrkdev.ktrk.kg/Сот реформасына байкоо жүргүзүлүү иштери башталды

Сот реформасына байкоо жүргүзүлүү иштери башталды

5 Июль 2018 , 16:22 614

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңылыктардын кийинки түрмөгү сот, укук темасында болмокчу. Сот реформасына байкоо жүргүзүлүүдө. Бул багытта түзүлгөн эксперттик жумушчу топ жыйын өткөрүп, бир катар маселелер талкууланды. 24 мүчөдөн турган жумушчу топту түзүү чечими май айында президенттин катышуусунда өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында кабыл алынган.

2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси иштей баштайт. Ошондой эле алгачкы жолу “бузуулар тууралуу” кодекс ишке киргизилгени турат. Анда жаран тарабынан келтирилген зыян олуттуу болбосо кылмыштан өзүнчө бөлүнүп, укук бузуу катары гана сыпатталат. Саналуу айлардан кийин иштей турган жаңы мыйзамдарга кыргыз коомчулугунун даярдыгы болушу шарт. Мындан улам сот реформасын ишке ашыруунун зарыл чаралары аткарылууда. Атайын түзүлгөн байкоо жүргүзүүчү эксперттик топ президенттин катышуусундагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйынынан кийин түзүлгөн. Ага аталган кеңештин өкүлдөрү да мүчөлүк кылат.

Эксперттик жумушчу топтогу тажрыйбалуу адистер мыйзамдардагы карама-каршылыктарга да маани берүүдө. Президент сот-укуктук реформаны ишке ашырууга артыкчылык берүүдө. Кыргызстанда маанилүү, керектүү мыйзамдар кабыл алынганы менен, анын аткарылышында көйгөй бар. Мамлекет башчысы жазылган эрежелер кагазда гана калып жатканын белгилеген. Жаңы түзүлгөн эксперттик жумушчу топ ар бир терс көрүнүштөрдү көз жаздымда калтырбай, сунуштарын айтып турушу керек. 

Жыл соңуна чейин кылмыштардын бирдиктүү реестри түзүлөөрү кабарланган. Аны ишке ашырууну көзөмөлдөө Башкы прокуратурага тапшырылганын жумушчу топтун мүчөлөрү максатка ылайыктуу деп тапты. Реестрди түзүүдө мыйзамдык карама-каршылыктар болбошу керек. Бул жана башка маселелерди чечүүдө сот реформасына байкоо салган эксперттердин тиешелүү мекеме жетекчилери менен жолугушуулары уюштурулуп турат.


Новости по дате