http://ktrkdev.ktrk.kg/Өлкө аймагы электрондук патентке өтөт

Өлкө аймагы электрондук патентке өтөт

6 Июль 2018 , 9:14 4345

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек менен Ош шаарларында ишкерлер үчүн электрондук патент иштей баштады. 1-августтан тартып ал жалпы өлкө боюнча колдонулат. Патентке ээ болууну каалаган жаран www.sti.gov.kg дареги аркылуу катталып, ар ай сайын төлөмдөрдү уюлдук капчык же банкомат, терминалдар аркылуу жүргүзө алат. Мамлекеттик салык кызматы мындай ыкманын ишкерлерге ыңгайлуу экенин билдирүүдө.


“Бул ишкерлердин убактысын үнөмдөйт жана алыска барып убара тартпайт. Ошондой эле ишкерлер менен салыкчылардын ортосундагы жеке байланыштар үзүлүп, жең ичинен сүйлөшүүлөр жокко чыгарылат” , - мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов.

Новости по дате