http://ktrkdev.ktrk.kg/Башка өлкөлөр пайдаланып келген объекттер кайтарылат

Башка өлкөлөр пайдаланып келген объекттер кайтарылат

29 Март 2016 , 5:05 1745

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын аймагында башка өлкөлөр пайдаланып келген объекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүү иштери улантылат. Мындай тапшырманы өкмөт башчы Темир Сариев тиешелүү жетекчилерге берди. Мындан сырткары интернеттин сапатын жогорулатуу максатында, Аксы районундагы кошумча станцияны куруу иштери жүргүзүлмөкчү. Ал арада  коңшулар кайсы объекттер Кыргызстанга таандык экенин ачык эле билишерин жергиликтүү серепчилер айтышууда. Себеби бул багытта сүйлөшүүлөр мындан 2 жыл мурда эле башталган. 

Чек ара коопсуздугун сактоо жана аны бекемдөө боюнча премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында жыйын өтүп, анда Кыргызстандын аймагындагы башка өлкөлөр пайдаланып келген обьекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүү маселеси каралды. Бул багытта тиешелүү жетекчилерге тапшырма берилгенин Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди. Анын айтымында, Аксы районундагы кошумча станцияны куруу иштери жүргүзүлөт. 

Кыргызстан эки жылдан  бери  Өзбекстан пайдаланып келген объекттерин өзүнө кайтарып алуу иштерин жанданткан. Анын ичинде кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде жайгашкан каналдар, насостук станциялар, суу сактагычтар, Фергана транспорттук техникаларды башкаруу автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу обьектиси, автобазалар жана башкалар бар. Булар Өзбекстандан Кыргызстандын толук ээлигине өткөрүлгөн.  Өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында обьектерди алууда суу маселеси боюнча өзбек тарап менен эч кандай көйгөйлөр болбошу керек.

Ал арада Коргонуу жана коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, өзбек тарап кайсы обьекттер Кыргызстанга таандык экенин жакшы билишерин эске салат. Анын айтымында, айрым себептерден улам обьектерди  буга чейин кабыл алуу иштери солгундап келген.

Маселе буга чейин бир канча жолу көтөрүлүп келгенин Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов дагы  белгилеп, 93-жылдардан бери  Кыргызстан бир топ сабырдуулук менен маселени чечүү аракетин көрүп келгенин айтат. Анын баамында, айрыкча  суу сактагычтарды алууда  кылдат иштер талап кылынат.

Ошентип, өкмөт Кыргызстандын аймагында башка өлкөлөр пайдаланып келген обьекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүү иштерин жандантууда. Кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку  окуялардан кийин өкмөт мындай окуялардын кайталанбашы үчүн тиешелүү жыйынтык чыгарып, бул жааттагы иштерди чечүүгө басым жасоодо.

М.Абдраманова,  Биринчи радио 

Новости по дате