http://ktrkdev.ktrk.kg/"Элим менин элетте" долбоору Ош жергесинде

"Элим менин элетте" долбоору Ош жергесинде

23 Июль , 11:40 1335

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Элеттиктерде КТРКнын жетекчисине түздөн-түз суроо берүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Мындай саамалык КТРКнын тарыхында алагачкы ирет катталууда. 

Аталган телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков жетектеген чыгармачыл топ бул жолу Ош облусундагы элдин сунуш-пикирин жеринен укту. 

“Элим менин элетте” долбоорунун алкагында, жергиликтүү эл телеканалдын жетекчилигинен элет жериндеги айрым чечилбей жаткан социалдык көйгөйлөрдү эфир аркылуу тийиштүү кызматтарга жеткирүүгө көмөк сурады. 

“Ала-Тоо 24” студиясы тарабынан берилип жаткан “Элдик репортер”, “Эл деми” рубрикалары коомчулук арасында жылуу кабылданып жатканы туурасында да пикирлер айтылды. 

Долбоор КТРКнын Маданият, тарых, тил каналы тарабынан уюшулган. Аймактарды өнүктүрүү жылы менен КТРКнын 60 жылдык мааракесине багытталган долбоордун максаты - элет элинин маданиятына өзгөчө көңүл буруу болуп жатат.


Новости по дате