http://ktrkdev.ktrk.kg/Телефонду каттоодон кимге пайда?

Телефонду каттоодон кимге пайда?

25 Июль , 23:57 4642

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Электрондук байланыш каражаттарын каттоого алуу тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгары менен кызуу талкуу жаратты. Долбоорго ылайык, өлкөдө иштеп жаткан жана сырттан келген телефон, планшеттердин баары мамлекеттик каттоого алынат. 

Каттоонун акысы 100 сомдон ашпайт жана бул акчаны телефонду сырттан ташып келген тарап төлөйт. Каттоо системасы уурулук, аткезчилик жана контрафактын өндүрүштөн жарандарды коргойт. Эсепке алынган байланыш каражаттары белгилүү бир убакыттан кийин пайдалануудан чыгат. 

Бишкек милициясынын билдирүүсүндө, миллионго жакын калк жашаган борбор калаада коомдук кылмыштардын эң көбү телефон уурулугуна байланыштуу болот. Жыл башынан бери аппаратымды уурдаттым деп 1928 жаран кайрылган. Анын 900 ээсине кайтарылса, жарымынан көбүнүн дайыны чыкпай турат.

Коомдук талкууга чыгарылган телефон аппараттарын каттоого алуу тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоору ишке кирсе, дал ушул телефон уурулугу кескин токтоп, милициянын аны издөө боюнча иши да жеңилдей турганын укук коргоо органдары белгилөөдө.


Новости по дате