http://ktrkdev.ktrk.kg/Бүгүн Аскер-деңиз флотунун түзүлгөн күнү

Бүгүн Аскер-деңиз флотунун түзүлгөн күнү

29 Июль , 22:47 4452

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мурда чет өлкөлөрдө аскердик кызмат өтөп келген кыргызстандык моряктар бүгүн аскер-дениз флотунун күнүн белгилешти. Учурунда биздин өлкөдөн 6 миңден ашуун жарандарыбыз деңиз флотунда кызмат өтөшкөн. 

Иш-чара аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн жоокерлердин Чүй облустук бирикмеси тарабынан уюштурулду. Чогулгандар бүтүндөй Борбор Азиядан чыккан жалгыз вице-адмирал Марат Темировдун эстелигине барып, гүлчамбарларды коюшту. 

Иш-чарага мурдагы моряктар менен Темировдун жакындары катышты. Ошондой эле Россия Федерациясынын аскер атташесинин Кыргызстандагы өкүлү келип, Россиянын коргоо министринин атынан куттуктады. 

Белгилей кетсек, мурдагы советтер союзу учурундагы доордон бери, июль айынын акыркы жекшембиси - Аскер-деңиз флотунун түзүлгөн күнү катары белгиленип, моряктар аны расмий майрам катары майрамдап жүрүшөт.


Новости по дате