http://ktrkdev.ktrk.kg/Көгүлтүр экранда 41 жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан Зулунбек Нурбаев

Көгүлтүр экранда 41 жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан Зулунбек Нурбаев

1 Авг , 13:59 4183

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгына карата! Көгүлтүр экранда 41 жыл татыктуу чыгармачыл кызмат өтөгөн тажрыйбалуу Зулунбек Нурбаев бүгүнкү күндөгү жаштарга кесиптик туура багыт берген насаатчы журналисттердин бири. Тең кылымга тете телекөрсөтүү тармагында музыкалык ар кыл жанрдагы программаларды даярдап, экранга сунуштаган кесиптешибиз учурда “Маданият-тарых-тил” телеканалынын баяндамачысы.  

КТРКнын куттуу астанасын аттаган дата Зулунбек Нурбаевдин эсинде. 1977-жылдын 1-августу болчу. Искусство институтун ийгиликтүү аяктагандан кийин КТРКнын музыкалык көрсөтүүлөрдүн башкы редакциясында редактору болуп эмгек жолун баштаган. 


Зулунбек Нурбаев даярдаган ар кыл темадагы музыкалык теле программалардын басымдуу бөлүгү кыргыз телекөрсөтүүсүнүн   казынасында сакталуу. Бир мезгилде көрүүчүлдөрдүн көңүлүн көтөргөн “Ырдайлы достор, ырдайлы!” музыкалык программасы тууралуу азыр да мурунку муундар арасында аңыз кептер айтылып келет.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.


Кадыр Калилов, "Биринчи радио"                      


Новости по дате