http://ktrkdev.ktrk.kg/КТРКга 60 жыл: "Элим менин элетте" долбоору Талас жергесинде

КТРКга 60 жыл: "Элим менин элетте" долбоору Талас жергесинде

2 Авг , 22:30 3771

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн таластыктар Кыргыз Улуттук "Манас Ордо" комплексинде КТРКнын 60 жылдык мааракесине жана аймактарды өнүктүрүү жылына арналган саамалыкка күбө болушту. Мында дубандын таланттары менен кошо калың эл чогулуп, КТРКнын "Элим менен элетте" долбооруна тартылышты.

 

КТРКнын "Элим менен элетте" долбооруна Талас районунан уста Улукбек Байгараев өзү жараткан эмгектери менен катышып жатат. 

Ал буга чейин да "КТРК кербени" долбоору аркылуу көгүлтүр экрандан элге таланты менен таанылган. Андыктан КТРКнын чыгармачыл жамаатына ыраазычылыгын айтып, элеттеги эл турмушу жеринен чагылдырылып жатканына кубанат.

Ал эми "Манас Ордо" улуттук комплекси бул ирет өзгөчө жандуу. Анткени аталган долбоор тартылып жатканын угуп дубандын бардык райондорунан келгендердин саны арбын. 

Калың эл ыр-күүнүн коштоосунда облустун тиричилигинен кабар берип, айыл-чарба тармагынан кол өнөрчүлүккө чейин баарлашуу орун алды. 




Новости по дате