http://ktrkdev.ktrk.kg/РФнын коргоо министри С.Шойгуга боз үй белекке берилди

РФнын коргоо министри С.Шойгуга боз үй белекке берилди

13 Авг , 10:27 3517

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгуга боз үй белекке берилди. Бул тууралуу КРдин Генералдык штабынан билдиришти. Эскерте кетсек, Россиядагы Алабино полигонунун Патриот паркында 28-июлда башталган Аскер оюндары 11-августта жыйынтыкталып, иш-чара бир эле убакта жети мамлекеттин 7 полигонунда бирдей өттү. Жалпы жонунан оюндарга 32 өлкөнүн жоокерлери катышкан. 

Жабылуу салтанатында "Достук" үйүндө өткөн көргөзмөгө Кыргызстандын танкисттер командасы да катышып, ал жерге тигилген боз үйдүн ичине кыргыздын улуттук буюмдары, тамак-аш, суусундуктары коюлган. Көргөзмөнү кыдырган Сергей Шойгу Кыргызстандын Генералдык штабынынын башчысынын орун басары Нуридин Чомоевдин коштоосунда кыргыз даамынан ооз тийип, ойнолуп жаткан күүгө кызыккан. Соңунда Сергей Шойгуга сувенир катары кичинекей боз үй белекке берилгени айтылат.


Новости по дате