http://ktrkdev.ktrk.kg/Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Магомед Мусаев күмүш медаль тагынды

Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Магомед Мусаев күмүш медаль тагынды

20 Авг , 13:07 380

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Магомед Мусаев күмүш медаль тагынды. 19-августта 97 килограммга чейинки салмактагы категорияда күч сынашкан. 

Чейрек финалда ооганстандык Ахмади Нурахмадды 6:3, жарым финалда кореялык Ким Жигангды 1:1 эсебинде жеңген. 

Ал эми финалда иран балбаны Алиреза Карими-мачианиге 0:6 эсебинде утулуп, экинчи орунга татыктуу болду. 

Белгилей кетсек, Магомед Мусаев Азия оюндарынын алкагында улуттук курама командага алгачкы медалды алып келди. Эске салсак, 2014-жылы Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында дагы күмүш медаль тагынган.


Новости по дате