http://ktrkdev.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанга барат

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик иш сапары менен Түркмөнстанга барат

22 Авг , 21:30 1770

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эртең, 23-августта Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик  расмий сапар менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. 

Анын айтымында, мамлекеттик визит Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен болууда. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектеги пландар талкууланат. Андан тышкары бир катар документтерге да кол коюлары күтүлүүдө. 


Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате