http://ktrkdev.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Түркмөнстанга учуп барды

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Түркмөнстанга учуп барды

23 Авг , 13:19 1872

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта мамлекеттик визит менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына учуп барды. Ашхабад» шаарынын эл аралык аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген. Мамлекет башчысын Түркмөнстандын вице-премьер-министри-тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Кыргызстандын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жаныш Рүстөнбеков тосуп алышты. 

Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.

Бүгүн кечинде Президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп кетет. 

Новости по дате