http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстан-Тажикстан: чек ара тилкесинин басымдуу бөлүгү такталды

Кыргызстан-Тажикстан: чек ара тилкесинин басымдуу бөлүгү такталды

31 Март 2016 , 5:31 1984

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мурда такталбаган 519,9 километр чек ара сызыгы аныкталып, тараптар бир пикирге келишти. Тактап айтканда бул чек ара тилкеси боюнча келишпестиктер болбойт. Бул туурасында биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев КТРКга билдирди. 

Анын айтымында бул аракет эки өлкөнүн чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүк комиссиясынын он төрт жылдан берки ишинин жыйынтыгы. 

Карашев эки өлкөнүн мамлекет башчылары Алмазбек Атамбаев менен Эмомали Рахмондун 2013-жылы жолугуп, чек араларды тактоо жаатындагы ишти жандыруу боюнча сүйлөшүүлөрү жакшы натыйжа бергенин белгиледи.

Апрель айынын экинчи жарымында өкмөттөр аралык комиссия жолугуп, такталбаган калган чек ара сызыгын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр уланат. 

Кошумчалай кетсек 29-март күнү чек ара маселесин тийиштүү комитет карап, келишимдин долбоорун жабык талкуулап, колдоп берген.




Новости по дате