http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу Азия оюндарында алтын тагынды

Кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу Азия оюндарында алтын тагынды

24 Авг , 22:17 540

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Индонезияда өтүп жаткан XVIII жайкы Азия оюндарында Кыргызстан алгачкы алтын медалына ээ болду. Аны жиу-житсу боюнча спортчу Төрөкан Багынбай уулу алып келди. Ал бүгүнкү мелдеште беттешкен төрт атаандашын тең артыкчылык менен утту. Алтын медаль өлкөгө жиу-житсу спортунан келгени көпчүлүккө күтүүсүз болду.

Биринчи айлампада Төрөкан Багынбай уулу Ирандык спортчу менен чыгып, 69 кг салмакта күч сынашты. Алгачкы оюнду кыргызстандык балбан эч кыйынчылыксыз эле жеңди. Ал эми Төрөкандын жарым чейрек финалдагы атаандашы казакстандык Хабибулла Мансур болду. Эсеп 0:0 болгону менен оюнда үстөмдүк кылганы үчүн калыстар жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарышты.

Чейрек финалда болсо Төрөкан Багынбай уулу Түркмөнстандык спортчуну 2:0 эсебинде, ал эми жарым финалда Таиланддык Банпот Лерттайсонгду 4:2 менен жеңди. Финалда кыргызстандык балбан Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Талиб Алькирбини 2:0 эсебинде жеңип, алтын байгени багындырды. Төрөкан Багынбай уулу 2 упайды оюндун башында эле капчыгына салып, андан кийин каршылашына күрөштүн аягына чейин упай алуусуна мүмкүнчүлүк берген жок.

18-Азия оюндарында бул Кыргызстандын алгачкы алтын медалы болуп калды. Индонезиянын Жакарта шаарында Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, гимни ойнолду.

Жиу-житсу- жапондордун каруусуз өзүн-өзү коргоо өнөрү. Эрежеге ылайык, балбан каршылашынын күчүн кайра өзүнө багыттап, жеңишке жетишиши керек. Негизи Төрөкан Багынбай уулу бала кезинде эркин күрөш менен машыккан. Бирок кийинчерээк өлкөдө жиу-житсу пайда болуп, спорттун ушул түрүнө өткөн. Төрөкан Азия оюндарына Москва шаарында, жиу-житсу боюнча спорт чебери Муртазали Муратазлиевдин машыктыруусу алдында даярданган. Балбандын салмактык категориясы 77 кг, бирок азия оюндарына бул салмак кошулбагандыктан ага 69 кгга чейин арыктоого туура келген.

Азия оюндарынын алтынчы күнүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын курамасы 10 медаль топтоду. 1 алтын, 4 күмүш жана 5 коло. XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Анда спорттун 40 түрү боюнча 462 медаль топтому ойнотулуп, жалпы 45 мамлекеттин спортчулары катышууда.



Новости по дате