http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызгидромет: аба ырайында өзгөрүүлөр орун алат

Кыргызгидромет: аба ырайында өзгөрүүлөр орун алат

27 Авг 2018 , 4:06 403

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызгидромет ушул аптага карата аба ырайынын божомолун айтты. Ага ылайык, жуманын алгачкы күндөрүндө тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде жаан жаайт, ал эми өрөөндөрдө күн ачык болот. 27-28-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 

29-августта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. 30-августта Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы божомолдонууда. Ал эми 31-август күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Аптанын акыркы күндөрү дагы жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Новости по дате