http://ktrkdev.ktrk.kg/Бүгүн Азия оюндарында спорттун 29 түрү боюнча мелдештер өтөт

Бүгүн Азия оюндарында спорттун 29 түрү боюнча мелдештер өтөт

28 Авг , 10:58 533

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 28-августта Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында спорттун 29 түрү боюнча мелдештер уланып, медалдын 19 топтому ойнотулат. Кыргызстандык спортчулар жеңил атлетика жана күрөш боюнча мелдештерге катышат. Жеңил атлетика боюнча Дарья Маслова 5 миң метр аралыктагы жарышка катышып, 14 спортчу менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, ал буга чейин 10 миң метр аралыкка чуркап, бардык атаандаштарын жеңип, Кыргызстандын куржунуна алтын медаль салып берген. Ошондой эле жарышка Анна Буланова, Жамалдин Мусаев, Мусулман Жоломанов жана Нурсултан Кеңешбеков чыгат. Ал эми күрөш боюнча мелдеште өлкөнүн намысын Мирлан Эралиев, Санжар Осмоналиев менен Тилек Куралов коргойт.


Новости по дате