http://ktrkdev.ktrk.kg/Кырчын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр

Кырчын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр

29 Авг 2018 , 15:45 1712

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жайлоодо этномаданий иш-чараларды өткөрүүгө бардык зарыл объектилер тургузулган, электр энергиясы, суу менен камсыздоо жана жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлгөн. Өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын учурунда бардык уюштуруу маселелерин ыкчам чечүүгө көңүл бурууга чакырып, меймандарды тозууга жана боз үй шаарчасын орнотуу менен иш-чараларды өткөрүүгө 31-августка чейин толук даярдыкты камсыздоону тапшырды.

Премьер-министр ири иш чаранын негизги бөлүгү өтө турган ат майдандын даярдыгын да текшерди. Мында азыр негизги күч Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жогорку деңгээлде өткөрүүгө басым жасалып жатат. Өкмөт башчы бул салтанатка карата репетицияга да катышып, оюндарга тартылгандарга ыраазычылык билдирди. Оюндарга жигердүү катышкан ынтымактуу, мекенчил, дилгир жаштар менен бирге биз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку уюшкандыкта өткөрөбүз-деди Абылгазиев.


Новости по дате