http://ktrkdev.ktrk.kg/ДКО: 3 кыргыз балбаны медаль тагынды

ДКО: 3 кыргыз балбаны медаль тагынды

3 Сент , 10:02 824

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды. Бул тууралуу спорт агенттигинен билдиришти. Мелдештин биринчи күнү гуштини милли камарбанди (тажик күрөшү) мелдеш орун алып, 3 комплект медаль байгеге коюлду. Мелдешке жалпы 11 мамлекеттен келген 27 балбан катышып, 3 салмак категориясында (68 кг, 82 кг жана абсолюттук салмак) күч сынашуу болду.

Мелдештин алгачкы күнү кыргыз балбандары үчүн ийгиликтүү жыйынтыкталды. Алар бир алтын, бир күмүш жана бир коло медаль тагынышты.

Алгач 68 килограмм салмакта кыргыз балбаны Абдрасулов Марлен финалга чыгып, алтын медаль үчүн чечүүчү беттеште түркмөнстандык Бегенч Йагмуровду утуп алды. 3-орунду казакстандык Муратхан Берикбол жана орусиялык Шабиев Разиль ээледи.

82 килограмм салмакта айыгышкан кармаштардын жыйынтыгында финалга кыргызстандык Шерикбай Аманилла уулу менен орусиялык Артур Зулкарнаев чыкты. Финалдык беттеште орусиялык балбандын даярдыгы мыкты болуп, жеңүүчү аталды.

Бүйүр кызыткан абсолюттук салмак категориясында кыргыз балбаны Кайрат Тойчиев жарым финалда жеңилүү ызасын тартып, 3-орунду ээледи. Финалда баш байгени түркмөнстандык Аннамурат Мурадов өз эсебине жаза алды.

Жалпы сыйлык ээлери:

68 килограмм

1-орун - Марлен Абдрасулов (Кыргызстан) – байге фонд – 75 миң сом;

2-орун - Бегенч Йагмуров (Түркмөнстан) – 35 миң сом;

3-орун - Муратхан Берикбол (Казакстан) – 17 миң 500 сом;

3-орун - Шабиев Разиль (Россия) – 17 миң 500 сом.

82 килограмм:

1-орун - Артур Зулкарнаев (Россия) - 75 миң сом;

2-орун - Шерикбай Аманилла уулу (Кыргызстан) – 35 миңсом;

3-орун - Силапберди Нуриев (Түркмөнстан) -17 миң 500 сом;

3-орун - Элмаддин Рамазанов (Азербайжан) – 17 миң 500 сом.

Абсолюттук салмак:

1-орун - Аннамурат Мурадов (Түркмөнстан) 75 миң сом;

2-орун - Жонгор Паренбаатар (Монголия) – 35 миң сом;

3-орун - Кайрат Тойчиев (Кыргызстан) – 17 миң 500 сом;

30орун - Максат Жандилдаев (Казакстан) – 17 миң 500 сом.

Новости по дате