http://ktrkdev.ktrk.kg/Жол коопсуздугу балдардын көзү менен

Жол коопсуздугу балдардын көзү менен

7 Сент , 23:01 1758

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мектептерди куруудан тышкары да, алардын коопсуздугун камсыз кылуу башкы максаттардан. Бишкекте Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери 9-класстын окуучулары менен бирге шаардын жол кыймылын көзөмөлгө алышты. 

Анда "жаш инспекторлор" эреже бузган айдоочуларга эскертүү берип, мектептердин алдында кезметте турушту. 

Тартип сакчылары окуучуларга жол эрежелерин жөн эле айтып бербестен, жеринде көрсөтүп, тажрыйбаларынан дагы бөлүшүүдө. Балдар жолдо тыгын жаралган учурда унаалардын кыймылын кантип жөнгө салышы керек экенин да үйрөнүштү.

Жаш инспекторлор эреже бузган айдоочуларга эскертүү берсе, Башкармалыктын кызматкерлери жеринде протоколдорду түзүп жатышты. Күнөөсүн сезген темир тулпар ээлери балдардан уялып, мындан ары жол эрежесин бузбоого убадасын берди. Негизинен, балдар жолдо жүрүү эрежелерин үйрөнүп, аны сактай билгени жакшы көрүнүш дешет адистер.


Новости по дате